
Чүй районунда дайынсыз жоголгон 13 жаштагы Бакыт Иманалиев изделүүдө. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Иманалиев мектеп-интернатынан 28-ноябрда чыгып, кайра кайтып келген эмес.
- Белгилери: бою 145-150 см, толук, чачы кара.
- Кийими: көк куртка, кара спорттук шым, ак-боз түстөгү спорттук бут кийим.
“Бакыт Иманалиевдин жүргөн жери тууралуу кандайдыр бир маалыматыңар болсо (312) 60-73-87, (501) 74-66-00 номерлерине кайрылууңуздарды суранабыз”, — деп айтылат маалыматта.