Генерал Жумабек Асанкулов Кыргызстандын тарыхындагы эң чыгаан мамлекеттик ишмер.
20-декабрда өлкөнүн өбөлгөсүн түзгөн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети кесиптик майрамын белгилейт. Кыргыз ССРи жана КР аскердик чалгындоо кызматынын ардагери, отставкадагы полковник Качкын Саргазаков менен колумнист Алмаз Батилов маектешкен.
Саргазаков ага чекисттик тажрыйбасындагы кээ бир кызыктуу фактыларды айтып берди.
–1967-жылы Кыргыз СССРнин Мамлекеттик коопсуздук Комитетинин төрагасы генерал Жумабек Асанкулов дайындалат. Ал интеллегенция менен тил табышып, аларды өлкөбүздүн коопсуздугун бекемдегенге чакырык таштаган экен. Сиз бул багытта кандай иш-чаралар жүргүзүлгөнү тууралуу айтып берсеңиз.
-1958-жылы мен тоо-кен институт бүтүп, адистигим боюнча Кадамжайда иштеп жүргөн учурда СССРдин мамлекеттик коопсуздук комитетине (МКК) иштегенге сунуш түштү. Мен бул сунушка макул болдум. 1961-жылдан баштап, МККда иштей баштадым. Эмгек жолум контр чалгын менен чалгын кызматында башталды. 1967-жылы Жумабек Асанкулович менен таанышып, иштеше баштадым. Бүгүнкү күндө да аны менен иштешкениме абдан сыймыктанам. Менин пикиримде ал Кыргызстандын тарыхында эң чыгаан мамлекеттик ишмер. МКК өзгөчө идеологиялык диверсияга каршы күрөш жүргүзүшү керек деген ураан менен пропагандага абдан көңүл бурган. Ошондуктан генерал Асанкулов мени 5-бөлүмдүн жетекчисинин орун басарлагына дайындады. Андан кийин, бул бөлүмдүн жетекчилигине дайындады. Азыркы күндө УКМКнын ичинде ушул бөлүм терроризмге каршы күрөшүү боюнча башкармалыгына айланды. Белгилей кетчү жагдай, генерал Асанкулов дайыма алдын ала келечекти ойлочу. Эгерде, бирөө жөнүндө идеологиялык жактан туура эмес сөз сүйлөдү же иш жасады деген маалымат түшсө, ал тактагандан кийин гана, профилактикага чакырчу. Аны туура жолго салганга аракет жасачубуз. Ошондуктан, Жумабек Асанкулович Кыргыз ССРнин МККнин жетектеп турган убакта, идеологиялык жактан бир да адамга кылмыш иш козголгон жок. Эч кимди ушул айыптоо менен түрмөгө камаган жокпуз. Асанкуловдун мүдөөсү Кыргызстандын интеллегеннциясынын көрүнүктүү өкүлдөрү менен тил табышуу эле. Буга чейин республикабыздын жетекчиси Турдакун Усубалиев белгилүү бир жазуучу менен мамилеси бузулат. Аны менен тиреше баштайт. Ал болсо МККнын тыңчысы болчу. Турдакун Усубалиевичке кандайдыр бир жолдор менен анын атайын кызмат менен кызматташканы тууралуу маалымат түшөт. Анын каймана атын билип алат. Усубалиев жазуучулар менен болгон жолуугушуда элдин көзүнчө жогорудагы жазуучунун каймана атын атап, МККнын провокатору деп айыптайт. Бул кадам менен ал жазылган жана жазылбаган мыйзамды бузган. Турдакун Усубалиевич жеке кызыкчылыгын коргойм деп атайын кызматтын кадыр-баркына доо кетирет. Усубалиев мындай иш-чарасы менен МККга жардам берген интелленгенциянын өкүлдөрүнүн комитетке болгон көңүлүн айнытып, чоочутат. Ушундан улам, алар биз менен кызматташуудан баш тартышты. Ошон үчүн мага Жумабек Асанкулович кыргыз интелленгенциянын көрүнүктүү өкүлдөрү менен жолугуушуну уюштурууга тапшырма берди. Буга чейин 1950-жылдары Жумабек Асанкулович бир топ окуумуштулар жана чыгармачылык чөйрөнүн өкүлдөрү менен тыгыз кызматташкан экен. Адегенде, мен алар менен сүйлөшкөндө көпчүлүгү так секирип, Асанкулов менен жолуугушудан баш тартып жатышты. Буга карабастан, мен буларды көндүрдүм. Жумабек Асанкулович менен МККнын жашыруун батирлеринде жолуктура баштадым. Асанкулов алар менен жолугушканда пикир алмашып, чай ичишип. Ата Мекендин коопсуздугу үчүн жардам бергиле деп өтүнгөн. Интеллегенциянын чыгаан өкүлдөрү анын мындай мамилесине аябай ыраазы болуп, патриоттук сезимдери ойгонду, баары кайрадан комитетке көмөк көрсөтөбүз деген убадасын беришкен. Чынында, алар сөзүнө туруп өлкөнүн коопсуздугун камсыздоого абдан чоң жардам берди. Мен чогуу окуган көрүнүктүү илимпоз теңтуштарыма, чет өлкөдөгү ар түрдүү конференцияларга барганда илимий, социалдык-экономикалык жана саясий багыттагы маалыматтарды жыйнап келсеңе. Ата Мекенге чоң жардам бересиңер дедим. Адегенде булар тамаша-чын аралыштырып, сен бизди атайын кызматтын тыңчысы кылган жатасынбы, – деп күлүшкөн. Мен аларга МККнын агенти болсоң эмне болмок эле, тескерисинче сыймыктаныш керек деген далилди келтирдим. Алар сунушума көнүштү. Чет мамлекеттеги илимий конференцияларга катышып. Абдан баалуу маалыматтарды топтоп, комитетке өткөзүп жүргүзүштү. Булар чыныгы патриоттук сезимдин негизинде МККга абдан көмөк көрсөтүштү. Асанкулов интелленцияга да колунан келген жардамын аяган жок. Ошондуктан, Ата Мекендин кызыкчылыгы үчүн алар менен эриш аркак иштештик.
–1978-жылдан баштап 1988-жылга чейин Тажикстандын Тоолуу Бадахшандын автоном облусунун борбору Хорог жана Мургаб районунда иштептерсиз. Бул аймакта иштеп жүргөндөгү кандай кызыктуу фактыларды айтып бере аласыз?
-1978-жылы Хорогдо МККнын 2-бөлүмүнүн жетекчиси болуп дайындалдым. Бул бөлүм чек араны көзөмөлдөчү. Бул бөлүмдө төрт жыл иштедим. Жергиликтүү калк жана бийликтин өкүлдөрү менен жакшы мамиле түзгөнгө умтулду. Мага алар колунан келген жардамын аяган жок. Ошол убакытта эле Тажик ССРи менен Афганистанга караштуу Тоолуу Бадахшанда аткезчилик бар болчу. Анткени, ушул аймактагы эки өлкөнүн ортосундагы өткөн чек араны толугу менен көзөмөлдөө мүмкүн эмес. Ошондуктар афгандыктар Памир дарыясы аркылуу Тажикстанга апийим ташып, аны жергиликтүү калк менен сатышчу. Апийимди сатып алгандардын арасында Ош облусунун айрым тургундары да бар эле. Алар айдоочулар болчу. Ошол убакта Оштон Тоолуу Бадахшанга азык-түлүк жана ар түрдүү товарларды ташычу. Бул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып булар апийим ташып аткезчилик кылганын байкадым. Бул аткезчилердин ишин иликтеп, бир нечесине кылмыш ишин козгоп түрмөгө отургуздум.
1980-жылдардын башында Тажикстандын МККнын бир жыйынында диний радикалдардын баш көтөрүп жатканы жөнүндө маселе талкууланды. Анткени, комитетке диний радикалдар жашыруун партиясын түзө баштап жана алардын айрым өкүлдөрү бийликке келгени тууралуу маалымат түшүптүр.
Ал эми Тажикстандын Тоолуу Бадахшан аймагынын эли исмаилизм агымын карманат. Советтик бийлик алардын диний лидери Ага-хан менен катташууга тыюу салган. Бирок буга карабастан, тажикстандык исмаилиттер аны менен тымызын катташчу. Буга байланыштуу бир кызыктуу фактыны айтып берейин. Ага-хандын чабармандары Пакистандан Афганистанга караштуу Бадахшан чөлкөмү аркылуу Советтер Союзуна курамындагы Памирге жашыруун чек арадан жөө өтүшчү. Аларды ишенимдүү адамдары тосушчу. Алар анын бутун жууп ошол сууну ичишчү. Себеби Ага-хандын чабармандарын Кудайдын өкүлү деп эсептешчү. Ошол эле маалда, Ага-хандын кээ бир чабармандары Афганистандан Хорогко жашыруун өтүп кафеден арак ичип, кармалган да учурлар болгон. 1982-жылы Мургаб районун МККын бөлүмүнүн жетекчилигине которулдум. Мургабдык жана афгандык кыргыздар абдан сүйүнүштү. Себеби, биринчи жолу Мургаб районундагы атайын кызматынын бөлүмүнүн жетекчилигине теги кыргыз офицер дайындалган. Буга чейин Мургабдагы МККнын бөлүмүндө улуту кыргыз үч офицер жана чек ара отрядында чалгын бөлүмүндө подполковник Эркин Сүйөркулов иштеген экен. Баса, белгилеп кетким келет мургабдык жана афгандык кыргыздар биздин чалгын иштерге абдан көмөк көрсөтүштү. Мен да аларга колуман келген жардамды бердим.
Автор Алмаз Батилов – атайын Вulak.kg үчүн