
Бишкектин 7-Апрель көчөсүндө 19-декабрь саат 01:15те жол кырсыгы катталды.
Милициянын патрулдук башкармалыгынын маалыматына ылайык, Nissan March үлгүсүндөгү унаасын башкарган 24 жаштагы кыз 7-апрель көчөсү менен түндүк тарапка бара жатып рулду башкара албай, көпүрөнүн темир тосмосун бузуп кеткен.
Жол кырсыктан 1997-жылы туулган К.А. аттуу айдоочу кыз жабыркаган. Ал эми унаа унаа токтотуучу жайга токтотулду.