Жогорку Сот Карганбек Самаковдун кассациялык арызын карады

Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Жогорку Соттун соттук коллегиясынын чечими менен Карганбек Самаковго карата Бишкек шаардык сотунун 2021-жылдын 2-сентябрындагы аныктамасы жокко чыгарылып, К.Самаковго карата кылмыш иши соттун башка составында жаңы аппелияциялык кароо үчүн Бишкек шаардык сотуна жөнөтүлгөн.

Маалыматка ылайык, жактоочу Т.Самаков менен “Сапаттуу билим берүү фондунун” өкүлү Б.Жумашевдин кассациялык даттануусу жарым-жартылай канааттандырылган.