Жапаров кыргыз футболунун 100 жылдыгына арналган достук оюнга катышууда

Президент Садыр Жапаров баштаган команда бүгүн, 17-декабрда кыргыз футболунун 100 жылдыгына арналган достук оюнга катышууда. Иш-чара Кыргыз футбол биримдигинин демилгеси менен уюштурулган.

Турнирдин максаты, өлкөдө спортту жайылтуу, сергек жашоо образына үндөө болуп эсептелет.

Беттештерге Президенттин администрациясынын, ата мекендик футбол ардагерлеринин, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, спорттук федерациялардын өкүлдөрүнүн, бизнес коомчулугунун жана маданият ишмерлеринин командалары катышат.

(2) В эфире на Facebook | Facebook

image 38 7 Жапаров кыргыз футболунун 100 жылдыгына арналган достук оюнга катышууда

Оюндар «Спорт» (КТРК) телеканалынын түз эфиринде жана соцтармактардын баракчаларында чагылдырылууда.