Садыр Жапаров топту кармайм деп жыгылып түштү

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 17-декабрда кыргыз футболунун 100 жылдыгына арналган достук оюнга катышып, эки гол жаратты.

Ал оюндун башталышында ар ким баардык күч аракетин жумшап, эч кимди карабай күч сынайлы деп айткан.

Оюндун учурунда президент топту төшү менен кармаганга аракет кылып, бирок жыгылып кеткен.

Президенттик администрациянын командасы менен өнөр адамдарынын командасы беттешип, оюн 2:2 менен аяктады.

Белгилей кетсек, иш-чара Кыргыз футбол биримдигинин демилгеси менен уюштурулган.

Турнирдин максаты, өлкөдө спортту жайылтуу, сергек жашоо образына үндөө болуп эсептелет.