
«Манас» эл аралык аэропортунда 2021-жылдын 17-декабрында саат 00:00дөн тарта коюу туман байкалууда.
Аэропорттун басма сөз кызматы билдиргендей, аба ырайынын начардыгынан улам бир нече каттамдардын учуп кетүүсү жана учуп келүүсү кармалууда.
А»лматыдагы кошумча аэродромго 3 учак конду – Стамбулдан «Турецкие авиалинии», Дубайдан «Флай Дубай» жана Москвадан «Аэрофлот». Ошондой эле, «АвиаТраффик» компаниясынын учагы Оштогу кошумча аэродромго конду. Кошумчалай кетсек, «Эйр Астана» авиакомпаниясынын Нур-Султан жана Алматыдан уча турган каттамдары да кармалууда», — деп айтылат маалыматта.