“Манас” эл аралык аэропорту үзгүлтүксүз иш алып барууда

“Манас” эл аралык аэропортунда аба ырайынын жакшырган шарттарына байланыштуу каттамдар учуп кетүүдө жана конуп жатат. Азыркы учурда туман тарады. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 2021-жылдын 17-декабрында “Манас” эл аралык аэропортунда коюу тумандан улам каттамдардын конушу жана учуусу кармалган.

Аба каттамдары боюнча маалымат алуу үчүн төмөнкү номерлерге байланышсаңыздар болот:

  • “Манас” —  0 312 693109
  • “Ош” —  0 3222 90101