
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, кечээ, 16-декабрда саат 14:30 чамасында Тоң районунун Кажи-Сай айылынын тургундары 1948-жылы туулган М.Ю.М жана 1965-жылы туулган А.А.А. аттуу жарандар балык кармоого чыгып дайынсыз болууда деген маалымат келип түшкөн.
Жерине 7 куткаруучу, РИИБден 3 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 2 киши тартылган. Саат 18:00гө чийин издөө иштерин жүргүзүшүп, бирок жыйынтык болгон эмес.
Бүгүн, 17-декбарда издөө иштери улантылууда.