Бишкекте Маданият жумалыгынын алкагында шаардык жүргүнчүлөр үчүн “Троллейбуста окуу” акциясы болду. Бул тууралуу Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, акция шаардыктардын көңүлүн адабиятка буруу максатында, Бишкек троллейбус башкармалыгы тарабынан борборлоштурулган китепкана тармагы менен уюштурулуп, жазуучу Чынгыз Айтматовдун туулган күнүнө, акын Алыкул Осмоновдун дүйнөдөн өткөн жылдыгына жана Улуттук маданият күнүнө арналган.