“Торугарт” жана “Эркечтам” бекеттеринен өлкөгө күнүнө 125 унаа өтүп жатат, – Кубанычбеков

Кытайдан Кыргызстанга күнүнө 125 унаа өтүп жатат. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Адилет Кубанычбеков билдирди.

ecdac8e7 5536 4dda 9db4 db4728e0fa88.720x0 is “Торугарт” жана “Эркечтам” бекеттеринен өлкөгө күнүнө 125 унаа өтүп жатат, - Кубанычбеков

Анын айтымында, Кытайдан келген жүк агымын жогорулатуу боюнча чоң иштер аткарылган.

“Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, министрлер жана губернаторлор чоң жардам берип, тыгыз байланышта иштедик. Ноябрда кыргыз кытай чек арасындагы “Торугарт” жана “Эркечтам” бекеттеринен өлкөгө күнүнө орточо 30дай унаа кирсе, бүгүнкү күндө алардын саны 125ке жетти”, — дейт ал.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 11 ай ичинде Мамлекеттик бажы кызматы тарабынан бюджетке 41 млрд 400 млн сом түшкөн.