Гүлзат Мамытбектин кылмыш иши Биринчи май райондук сотуна жөнөтүлгөн

Гүлзат Алымкулованын (Гүлзат Мамытбек) үстүнөн козголгон кылмыш иши 30-ноябрда Биринчи май райондук сотуна жөнөтүлгөн. Бул тууралуу маалыматты Бишкек ШИИББдин басма сөз катчысы Улан Жумаков билдирди.

Маалыматка ылайык, Гүлзат Мамытбек 25-октябрда Кыргызстанга учуп келген учурда кармалган. Ал алдамчылык фактысы боюнча издөөгө жарыяланган болчу.

Тергөөчүнүн маалыматына караганда, Гүлзат Мамытбек жабырлануучуларга кыска мөөнөттүн ичинде чоң киреше убада кылган. Бирок акчаны алгандан кийин качып кеткен. Ага арызданып жети киши арыз жазган.
Гүлзат Мамытбек СИЗО-1 абагына камалган.