2021-жылдын 30-сентябрь күнү Жайыл районунун ИИБдүн нөөмөт бөлүгүнө уурулук фактысы тууралуу маалымат келип түшкөн. Анын негизинде окуя болгон жерге дароо Жайыл РИИБдүн ыкчам тергөө тобу чыгышкан учурда, райондогу иш-каналардын биринин директору 1986-жылы туулган А.Ш. арыз менен кайрылып, үстүбүздөгү жылдын 30-сентябрына караган түнү белгисиз бирөөлөр Монолдор айыл аймагындагы «Калинин ГЭС» де жайгашкан контейнердин кулпусун сындырып киришип, ал жерден 24 даана сервердин сисемдик блогун, “Bitfury” компаниясынан өнүрүлгөн 17 даана “В9” үлгүдөгү жана “В8” үлгүдөгү 7 даана аппаратын, 2 даана маршрутизатор, 1 даана маршрутизатор модеми, 20 даана блок питанияларын уурдап белгисиз тарапка из жашырып кетишкенин билдирген. Келтирилген материалдык чыгым 73 миң АКШ долларын түзгөн.
Бул факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.
Үстүбүздөгү жылдын 24-ноябрь күнү ушул сыяктуу арыз менен Сокулук районундагы иш-каналардын биринин директору 1986-жылы туулган К.Д. Сокулук РИИБүнө кайрылган. Анда 2021-жылдын 24-ноябрына караган түнү Сокулук районунун Асыл-Баш айылынын түштүк тарабындагы жайгашкан майнинг ферманын контейнеринен белгисиз бирөөлөр 97 даана майнинг аппараттарын уурдап кетишкенин билдирген. Келтирилген чыгым 300 ммиң АКШ долларын түзгөн.
Бул факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери жүргүзүлгөн.
Жогорудагы кылмыштардын бетин ачуу максатында Чүй ОИИББнын, Сокулук жана Жайыл РИИБдөрдүн кызматкерлеринен ыкчам тергөө тобу түзүлүп, ар тараптуу иш-чаралар жүргүзүлгөн.
Ыкчам иш-чаралардын натыйжасында жогорудагы ири өлчөмдөгү уурулук кылмышына шектелип, 10 жаран кармалышып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынышкан.
-1986-жылы туулган Т.Т. буга чейин соттолгон,Ысык-Ата РИИБдүн убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.
-1991-жылы туулган Б.Н., Москва РИИБдүн убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.
-1980-жылы туулган Ж.С. Сокулук РИИБдүн убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.
-1990-жылы туулган М.К. Сокулук РИИБдүн убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.
-1991-жылы туулган И.М. Сокулук РИИБдүн убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.
-1992-жылы туулган Д.А. Сокулук РИИБдүн убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.
-1984-жылы туулган А.У. Сокулук РИИБдүн убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.
-1989-жылы туулган А.О. Сокулук РИИБдүн убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.
-1992-жылы туулган Э.С. Сокулук РИИБдүн убактылуу кармоочу жайына камакка алынган
-1987-жылы туулган М.Ж. Сокулук РИИБдүн убактылуу кармоочу жайына камакка алынган
Кармалгандардын биринин жашаган үйүнөн майнинг ферманын 75 даана аппараты жана 87 даана блогу алынган. Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.