Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.
“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамына ылайык, гендердик квотаны камсыздоо боюнча БШК кабыл алган процедуралык чечимдерин саясатташтыруунун, анын үстүнө, чайкоочулук кылуунун кереги жок.
Биринчи айым Айгүль Жапарованын Токтобубу Оргалча менен эч кандай байланышы жок жана аны менен эч качан тааныш болгон эмес.