Журналист Куттумидин Базаркулов 19 күндөн бери камакта

Жалал-Абад облустук телерадиоканалынын (ЖТР) мурдагы жетекчиси Куттумидин Базаркулов камакка алынды. Бул тууралуу анын адвокаты 15-декабрда «Азаттыкка» билдирген.

Анын айтымында, УКМКнын кызматкерлери аны 27-ноябрда Жалал-Абаддагы үйүнөн кармап кетишкен. Ал эми 28-ноябрда Жалал-Абад шаардык соту аны эки айга камакка алуу чечимин чыгарган.

Атайын кызмат Базаркуловду «Кызматынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен айыптап жатат. Бирок УКМК Базаркуловдун кармалышы боюнча маалымат бере элек.

Куттумидин Базаркулов Жалал-Абад облустук телерадиоканалын 2010-2016-жылдары жетектеген. 2021-жылы 10-январда өткөн президенттик шайлоого талапкерлигин коюп, кайра баш тарткан.