Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош облусу боюнча башкармалыгындагы коррупциялык фактылар аныкталды

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош облусу боюнча башкармалыгындагы коррупциялык фактылар аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош областындагы Кара-Суу райондук өрткө каршы күрөшүү кызматында курулушту оңдоо иштеринде жасалма келишим түзүү фактысы аныкталды.

Анда тиричилик буюмдарын жана курулуш материалдарын сатып алуу боюнча тендердин жыйынтыгында жалпысынан 576 миң сомго «Тасма-Групп» Жоопкерчилиги чектелген коом жеңүүчү деп табылган. Бирок келишим түзүлгөндөн кийин башкармалыктын башчысынын орун басар, милициянын майору М.Н. демилгеси менен “Тасма-Групп” Жоопкерчилиги чектелген коомунун директору А.у.Э. акча каражатын накталай алып, ортомчулук кызматы үчүн пайыздарды алып салгандан кийин башкармалыктын башчысы полковник Ш.Н.Жга берилген.

Жогоруда көрсөтүлгөн фактыларды жашыруу максатында башкармалыктын башчысынын орун басарынын көрсөтмөсү боюнча курулуш-тиричилик материалдарын жасалма кабыл алуу-өткөрүп берүү актыларында далилденген.

Бул иштин материалдарынын негизинде 2021-жылдын 30-ноябрында Ош гарнизондук Аскердик прокуратурасы Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренеси (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери катталган.

Учурда тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.