Садыр Жапаров студенттерге: Эртең эле өлкө тагдырын өз колуңуздарга аласыздар

Бүгүн, 14-декабрда Садыр  Жапаров «Сиздер Кыргызстандын келечегисиздер! Эртең эле өлкө тагдырын өз колуңуздарга аласыздар. Бул улуу милдет жана чоң жоопкерчилик», —деп билдирди өлкөнүн жогорку окуу жайларынын мыкты студенттерине президенттик стипендияларды тапшыруу аземинде. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, быйыл өлкөнүн бардык университеттеринен 80 студент президенттик стипендияга ээ болушту. Мамлекет башчысы жолугушууда аларды окуудагы жетишкендиктери менен чын жүрөктөн куттуктап, эмгеги жана өжөрлүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

dos 4641 Садыр Жапаров студенттерге: Эртең эле өлкө тагдырын өз колуңуздарга аласыздар

«Өлкөбүздүн алдыңкы жогорку окуу жайларында терең билим алып, башка жаштарга үлгү болуп, президенттик стипендияга татыктуу болгонуңуздар баарыбызды кубандырат.

dos 4559 Садыр Жапаров студенттерге: Эртең эле өлкө тагдырын өз колуңуздарга аласыздар

Сиздер Кыргызстандын эң мыкты студенттери экениңиздер талашсыз. Албетте, бул ийгиликке эмгекчилдигиңиздер, намыскөй эркиңиздер жана бийик атуулдук сезимиңиздер аркылуу жеттиңиздер деп эсептейм.

Өз кезегинде орустун атактуу дарыгер-хирургу Николай Пирогов: „Жаштар — биздин барометр“, — деп так жана таамай аныктама берип кеткен экен. Бул — калетсиз айтылган учкул сөз. Деги эле мамлекетибиздин өсүп-өнүгүшү коомубуздун тазалыгына жана жаш муундардын алган сапаттуу билимине, тандаган кесибине, маданиятына, ыйман-ынсабына түздөн-түз көз каранды», — деп белгиледи Садыр Жапаров.

Президент болочок адистерге учурда өлкөдөгү бүтүндөй билим берүү түзүмүн: бала бакчалардан тарта жалпы билим берүүчү орто мектептерди, жогорку жана орто кесиптик окуу жайларды реформалоо боюнча программа кабыл алынып, ишке ашыруунун жол-жоболору каралып жатканын айтып берди. Ошондой эле, билим берүү мекемелеринин материалдык-техникалык базасын чыңдоо, окутуунун мезгил талабына жооп бере турган жаңы программаларын иштеп чыгуу, ага ылайык адис-кадрларды даярдоо, мугалимдер менен окутуучулардын эмгек акыларын көтөрүү маселелерин чечүү боюнча иш-аракеттер күчөтүүлүүдө.