Ошто айыл чарба багытындагы жерлерди мыйзамсыз саткан жаран кармалды

Ошто Кара-Суу районунда айыл чарба багытындагы жерлерди мыйзамсыз саткан жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Нариман айыл аймагындагы жеке турак жай куруу үчүн айыл чарба багытындагы жерлерди мыйзамсыз сатуу фактысы боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында 10-декабрда И.Г. аттуу жаранын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизди.

WhatsApp Image 2021 12 14 at 09.36.40 2 Ошто айыл чарба багытындагы жерлерди мыйзамсыз саткан жаран кармалды

Аталган фактыга тиешеси бар башка адамдын жашаган жери жана иштеген жери боюнча тинтүү жүргүзүлүп, анын натыйжасында 1000ден ашык жер тилкесине (үлүшкө) жеке менчик жөнүндө күбөлүктөрдүн жаңы бланкалары, паспорттордун көчүрмөлөрү, ар бир мыйзамсыз өзгөртүлгөн айыл чарба жерлеринин расмий жана азыркы ээлеринин тизмелери табылган.

WhatsApp Image 2021 12 14 at 09.36.40 Ошто айыл чарба багытындагы жерлерди мыйзамсыз саткан жаран кармалды

Мурда аталган факты боюнча Нариман айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Х., анын шериги М.С., ошондой эле Кара-Суу районунун “Кадастр” мамлекеттик ишканасынын мурдагы жетекчилери Б.Б. жана Ш.С. кармалган.