
Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Ысык-Ата районундагы Новопакровка айылынын Ленина көчөсүндө жайгашкан кафенин кароолчусунун бөлмөсүнөн өрт чыгып, өрттөн кесепетинен 6 чарчы метр жер толугу менен күйүп, бөлмөнүн ичинде эки орус улутундагы адам каза болду.
Өрт чектөөгө алынып, толугу менен өчүрүлдү. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.