Эл аралык айтышта кыргыз акыны Темирбек Матыбаев биринчи орунду алды

Казакстанда өткөн эл аралык айтышта кыргыз акыны Темирбек Матыбаев биринчи орунду багындырды.

Маалыматка ылайык, Казакстандын Көкчөтоо шаарында өткөн эл аралык айтышта 18 жаштагы Темирбек Матыбаев казак элинин алп акындары менен мыкты деңгээлде айтыш куруп, 1-орунга ээ болду.