Акылбек Жапаров Мохаммад бин Абдулла Аль Гергави менен жолугушту

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бириккен Араб Эмиратынын Министрлер кабинетинин иши жана келечеги боюнча министри Мохаммад бин Абдулла Аль Гергави менен жолугушту. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Министрлер Кабинетинин башчысы маектешин Бириккен Араб Эмиратынын негизделгендигинин 50 жылдыгы менен куттуктады. Тараптар эки мамлекеттин кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулап, ар кыл тармактагы чоң мүмкүнчүлүктөрдү белгилешти.

Жапаров туризм тармагындагы өз ара аракеттенүү мүмкүнчүлүктөрү тууралуу айтып берди. Атап айтканда, акыркы 9 айда 4 миңге жакын БАЭ жараны биздин өлкөгө келип кеткен. Мындан тышкары бир катар социалдык-экономикалык долбоорлорду ишке ашыруу уланууда.