Сузакта баасы 17 млн 568 миң сомду түзгөн балдар бакчасынын имараты мамлекетке кайтарылды

Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган 2 кабаттуу бала бакча 0,42 гектар жер участогу менен Жалал-Абад облустук мамлекеттик мүлк фондунун 1993-жылдын 30-апрелиндеги токтомунун негизинде “Ж.Ш.” акционердик коому тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилгендиги аныкталган.

Аталган социалдык объектини мамлекетке кайтаруу максатында, райондук прокуратура тарабынан сот органдарына доо арыз жөнөтүлгөн.

Баасы 17 млн 568 миң сомду түзгөн балдар бакчасынын имараты 0,42 гектар жер аянты менен бирге муниципалдык баланска кабыл алынды.