Рыспай Абдыкадыровдун 80 жылдыгына карата «Ырдын пири Рыспай» аталышындагы иш-чара болду

12-декабрда обончу жана аткаруучу, Кыргыз ССРнин эмгек сиңирген артисти Рыспай Абдыкадыровдун 80 жылдыгына карата «Ырдын пири Рыспай» аталышындагы иш-чара болду.

иш-чара Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын «Маданият. Тарых. Тил» каналы жана Рыспай Абдыкадыров атындагы клубу менен биргеликте уюштурулган.

Концерттин жүрүшүндө өлкөбүздүн бардык аймактарынан келген өнөр адамдары Рыспай Абдыкадыровдун ырларын чоң сахнада аткарышты.