Москвада «Келгиле кыргыз тилинде сүйлөйбүз!» долбоорунун экинчи сезону өз ишин баштады

 12-декабрда Москва шарынын Кыргыз диаспорасынын кеңсесинде «Келгиле кыргыз тилинде сүйлөйбүз!» долбоорунун экинчи сезону ачылып өз ишин баштады.

Маалыматка ылайык, Бул ачылышка КР элчилиги, Кыргыз диаспорасынын жетекчилиги, Москва шаарынын кыргыз тили коомунун өкүлчүлүгү, «МИРВАМ» окуу борбору, Агартуу Билим борборунун мугалимдери, Коомдук уюмдардын жетекчилери, ата- энелер, жаш жеткинчектер катышып, залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматовтун туулган күнү жана кыргыз улуттук адабият күнү белгиленди.

Blue Floral Collage Wallpaper 25 800x450 1   Москвада «Келгиле кыргыз тилинде сүйлөйбүз!» долбоорунун экинчи сезону өз ишин баштады

Биринчи сезондун бүтүрүүчүлөрү өз өнөрлөрүн көргөзүшүп жаңы келген топко окуу курсунун символикалык ачкычын тапшырышты. Жыйында катышкандар, өз сунуш- пикирлерин, каалоо- тилектерин айтышып, соңунда Чынгыз Айтматовтун эстелигине гүл коюшту.