Эң бай он депутаттын ысымдары

Жакында эле салык кызматы чиновниктердин 2019-2020-жылдардагы декларациясын жарыялады.

Bulak.kg редакциясы окурмандардын назарына жетинчи чакырылыштагы депутаттардын эң көп кирешелүүлөрүн атын атайт.

1. Ормонов Улугбек Зулпукарович  «Ишеним» партиясынын мүчөсү — 68 млн 467 тыс 347 сомду түзөт.

Ormonov Ulugbek1.jpg Эң бай он депутаттын ысымдары

Ормоновдун жеке кирешеси 2019-2020-жылын эсептегенде эле – 66 млн 87 миң 347 сом болсо, ал эми туугандарыныкы — 1 млн 220 миң сомду түздү.

Декларацияда ошондой эле ал 3 842 га жери бар экенин жана 186,2 кв.м жана 235 чарчы.м үйү бар экенин, «Lexus» жана «Toyota», ресторан, ошондой эле 1 млн 160 миң сомго бааланган малы бар экенин ачыктаган.

2. Алимбеков Нурбек Каарыевич — №8 Төлөйкөн аймагынан депутат — 28 млн 379 миң 554 сому бар экенин тастыктаган.

alimbekov.jpg Эң бай он депутаттын ысымдары

Бул депутаттын бир жылдык кирешеси 673 миң сом. Ал эми анын туугандары ушул жылы 27 млн 706 миң 533 сом киреше табышкан. Депутаттын өз үйү жок, бирок туугандары 422 чарчы метр турак жайда жашашат жана унаа айдашат: «Toyota Corolla», «Lexus LX-570» жана«Range Rover».

3. Матраимов Искендер Исмаилович — Кара-Суу округунан депутат — 17 млн 384 миң 224 сому бар.

matraimov Эң бай он депутаттын ысымдары

Эл өкүлүнүн бир жылдык кирешеси 1 млн 984 миң 224 сомду түздү. Ошондой болсо да, аткаминердин үйү жок, болгону жылкылары бар. анын баасы 15 млн 400 миң сом, ал «Toyota Land Cruiser 200» унаасын ээлейт.

Эң кызыктуусу анын туугандары андан үч эсе көп киреше булагын жазышкан — 5 млн 348 миң 900 сом. Алар 176,9 чарчы метрди түзгөн турак жайда жашашат жана «Toyota RAV4» унаасын тебишет.

4. Турсунбаев Азизбек Атакозуевич — №18 Ала-Бука аймагынан депутат — 14 млн 798 миң 304 сом киреше тапкан.

tursunbaev Эң бай он депутаттын ысымдары

Азизбек Турсунбаев жыл ичинде 675 миң 804 сом киреше тапкан. Туугандары 14 млн 122 миң 500 сом табышкан.

Үйү бар, 327 чарчы метр, «Lexus GX470» ,«Toyota Prado» унааларын айдайт.

Туугандары 62,8 .м, 191,8 кв.м, 184,3 кв.м, шаардын сыртында үйү 12,8 кв.м, 64.7 кв.м, жер тилкелери 10 053 га, автомашина «Lexus ES250», «Lexus LX 570» жана «Toyota Camry» үлгүсүндөгү унаа айдашат.

5.Бакиров Өмүрбек Мырзараимович  №4 Көк-Жар округунан депутат — 11 млн 638 миң 642 сому бар.

bakirov.jpg Эң бай он депутаттын ысымдары

708 миң 642 сомду бир жыл ичинде тапкан. Тууган-туушкандары 3 млн 50 миң сом табышыптыр.

Бакиров да, анын туугандарынын да үйү жок.

Бирок 1 млн 715 миң сом турган малдары бар жана «Lexus LX 570» унаасын тебет. Анын баасы 2 млн 760 миң сом.

6.Төрөбаев Бакыт Эргешович — партия «Ата-Журт Кыргызстан» — 9 млн 501 миң 671 сому бар.

torobaev.jpg Эң бай он депутаттын ысымдары

Бир жылдын ичинде ал 787 миң 471 сом тапса, туугандары — 8 млн 714 миң 200 сом киреше тапкан.

Саясатчынын эки үйү бар 180 и 179 кв.м. Туугандары аянты 171,8 кв.м. аянтындагы турак жайды ээлейт жана «Mercedes-Benz Е320» унаасын айдайт.

7. Икрамов Тазабек Икрамович — Сузак округу №13 — 6 млн 14 миң 855 сому бар.

ikramov.jpg Эң бай он депутаттын ысымдары

Декларацияда Икрамов 774 миң 855 сому бар экенин жазган, бул туугандарыныкын кошкондо. Жалпы аянты 1 784 чарчы метр түзгөн үйү бар. 1 млн 440 миң сомго малы бар. Ал эми жакындарынын 570 чарчы.м. и 95 чарчы.м. ээлеген үйү бар, ошону менен катар эки унаасы «Lexus 450» 2,1 млн сом турган жана 1,7 млн сомду түзгөн «Lexus 350» унаасы бар.

8.Жумабеков Дастан Артисбекович №20 Талас областынын Манас районунан депутат — 4 млн 800 миң 777 сому бар.

zhumabekov.jpg Эң бай он депутаттын ысымдары

Жыл ичинде саясатчы 835 миң 777 сом тапкан жана кичинекей батирде жашайт. Анын аянты 59,5 кв.м. Анын малы 3 млн 965 миң сом болот.

9.Сыдыгалиев Нурбек Өмүрбекович  «Ишеним» партиясынан — 2 млн 451 миң 137 сомго ээлик кылат.

sydygaliev.jpg Эң бай он депутаттын ысымдары

Сыдыгалиевдин жеке кирешеси жыл ичинде 607 миң 337 сом болду. Туугандарыныкын эсептегенде — 1 млн 843 миң 800 сом, жакындары 210 чы метр аянтында үйдө турушат жана «Lexus GX-460» үлгүсүндөгү унаага ээ.

10.Мамытов Талант Турдумаматович — партия «Ынтымак» — 2 млн 353 миң 355 сому бар деп жазган.

mamytov.jpg Эң бай он депутаттын ысымдары

703 миң 355 сомду жыл ичинде экс-спикер тапканын жазган. Туугандарынын баары баитрде турушат экен, бирок малы бар. Баасы 1 млн 650 миң сом деп көрсөтүлдү декларацияда.