«Аалам сулуусу-2021» конкурсун индиялык кыз жеңди

Израилде 12-декабрда «Аалам сулуусу-2021» сынагы жыйынтыкталды. Аны индиялык Харнааз Сандху жеңип алды.

Маалыматка ылайык, Сандху 21 жашта, ал актриса жана модель. Ага таажыны өткөн жылдын сулуусу өткөрүп берген.

Эми аалам сулуусу Нью-Йорк шаарында жашап, көптөгөн мааракелерге катышат.