
Өлкөдө адабият жумалыгы башталды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка караганда, адабият жумалыгы республиканын улуттук, облустук, райондук, шаардык жана айылдык китепканаларында өтүп, 15-декабрга чейин уланат.
«Бул иш-чаранын максаты – кыргыздын улуттук адабиятын өнүктүрүү жана жайылтуу боюнча коомдун көңүл буруусун, балдарды жана жаштарды китепке болгон кызыгуусун жогорулатуу болуп саналат.12-декабрь — Кыргыз улуттук адабият күнү»,-деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, 2011-жылы 28-январда болгон Жогорку Кеңештин жыйынында Улуттук адабият күнүн бекитүү тууралуу токтомдун долбоору талкууга коюлуп, анын жыйынтыгында 12-декабрь адабият күнү катары белгиленип келет.