Баякунова Гүлнур Муканбетовна Ысык-Көл райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды.
Маалым болгондой, ал буга чейин Ысык-Көл райондук маданият бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенип келген.
Эмгек жолу:
– 1993-2004-жылдары А. Осмонов, Ж.Абдрахманов мектептеринде орус тилчи мугалим, завуч.
– 2004-2006-жылдары райондук маданият үйүнүн директору, көркөм жетекчи;
– 2006-2011-жылдары «Көгүлтүр Ысык-Көл» санаторийинде бөлүм башчы.
– 2011-2021-жылдары райондук маданият бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.