
Кыргызстандык спортчу, UFC уюмунун жеңил салмактагы чемпиону Валентина Шевченко 12-декабрда Ош шаарына барат. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, спортчу Султан Ибраимов атындагы драма театрында күйөрмандары менен жолугат. Жолугушуу жекшемби күнү саат 14:30дан 17:00гө чейин болот.
Белгилей кетсек, Валентина Шевченко учурда Кыргызстанда жүрөт.
Эскерте кетсек, Валентина Шевченко UFC уюмунун жеңил салмак категориясынын чемпиондук курун алты ирет коргоп калган.