Мэрия менен Бишкек шаардык кеңешинин кагылышы. Таарынткандар менен таарынгандар…

Мэриянын аппарат жетекчиси Мирлан Исаков өткөн жыйында Бишкек шаардык кеңешине кат жолдоп, анда вице-мэрлер шаардык кеңештин жыйындарына катышпай эле койсун деген сунушту билдирген. Бул маселе боюнча бүгүн Бишкек мэри Айбек Жунушалиевдин катышуусунда жыйын өттү.

Аталган жыйында Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Кубанычбек Конгантиев аппарат жетекчисине кайрылып мыйзамды билбей иш кылып жаткандарын белгилеп, “Простота хуже воровства” деген орусча макалын айтып, элдин жөнөкөйлүгүнөн, билбестигинен улам мыйзам бузулуп жаткандыгын айтты.

Ошондой эле, аппарат жетекчисинен Конституция боюнча Бишкек шаардык кеңеши мэрияны көзөмөлдөй алабы же жокпу деп сурады. Өз кезегинде аппарат жетекчи Исаков бул суроо менен Конгантиев анын аброюна шек келтирди деп эсептеп жыйындан сыртка чыгып кетти.

Ал эми, Кубанычбек Конгантиев бир адамды көрсөтүп сүйлөбөгөндүгүн айтып, мындай башаламандык бардыгынын катасы экендигин белгилеп, эгер катуу сүйлөп алса кечирим да сурап кое ала тургандыгын, бирок туура сүйлөп жатканын айтты. “Мени жана бул жактагы депутаттарды сыйлабай эле койсун, бирок ушул бир суроого жооп бере албай кетип калганы мэрдин өзүн сыйлабаганы”,-деп кошумчалап сөзүн жыйынтыктады.