Баткенде мүрзөлөрдөгү темир тосмолорду уурдап жүргөн 38 жаштагы жаран кармалды

Баткенде мүрзөлөрдөгү темир тосмолорду уурдап жүргөн 38 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Айдаркен шаарындагы мүрзөлөрдүн темир тосмолору белгисиз жарандар тарабынан уурдалып жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Аталган маалымат Кадамжай райондук ички иштер бөлүмүндө катталган.

Иликтөө иштери башталып, тосмолорду уурдоого шектелип Айдаркен шаарынын А.Т. аттуу тургуну кармалган.

Учурда тергөө иштери уланууда.