Баламды актабайм жазасын алсын, бизде эмне күнөө. Бул тууралуу Сокулукта 16 жаштагы кызды зордуктаган шектүүнүн апасы билдирди.
«Баламдын кылгандары үчүн элимден кечирим сураймын. Баламды актабайм билбестик кылыптыр, жазасын алсын. Бирок, «Аксакалдар соту» туура эмес чечим чыгарышты. Мен Кызыл-Туу айылына барганыма 32 жыл болуптур, күйөөм ошол жердин тургуну. Бизде эмне күнөө , балабызды жамандыкка түрткөн жокпуз да…Ошол күнү балам ичип алып билбей калыптыр. Мен кызды тааныбайт экенмин. Бирок, ата-энесин тааныйбыз, бир көчөдө турабыз. Орозо байке бизди кечириңиз, балам иттик кылып койду»,- деди шектүүнүн апасы.
Эскерте кетсек, 5-декабрь күнү Сокулукта 31 жаштагы жаран күч колдонуп 16 жаштагы кызды зордуктаган.
Исмаил айылында «Аксакалдар соту» болуп, шектүүнүн үй-бүлөсүн көчүп кетүүсүн талап кылышып, алар көчүп кетишкен.