Жылкынын жонуна айры сайып салган, – сүрөт

Чүй облусунун Сокулук районундагы Фрунзе айылына жакын жерде жонуна айры сайылган жылкы жүрөт. Бул тууралуу күбөлөргө таянып “Турмуш” жазды.

«Бирөөнүн короосуна кирип, чөбүн жесе керек. Болбосо мынчалык айры менен ким сайды? Айры кадимкидей матырылып кирип кетиптир. Буттары калтырап калыптыр», – деди күбөлөр.

Мал доктур Акжолтой Акматовдун айтымында, жылкынын ички органдары жабыркабаса, жашап кетет.

«Айры канчалык кирди. Аны текшериш керек. Эгер өпкө-жүрөгүнө тийип калса, анда мал болбой калат. Эгер терисинен эле өткөн болсо, эч нерсе болбойт», – деди ал.