Нарын ОИИБи: Милиция кызматкерлерине “Коррупцияга каршы аркеттенүү жөнүндө” окутуулар өткөрүлдү.
Нарын облустук ички иштер органдарынын кызматкерлер арасында коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуу жана болтурбоо максатында бир катар уюштуруучулук алдын алуу иштери жүргүзүлүп жатат.
Алсак, бул багытта өздүк курамдын кесиптик-күжүрмөндүк даярдыктары боюнча сабактарына кошумча киргизилип, өздүк курам “Коррупцияга каршы аркеттенүү жөнүндө” мыйзамы тууралуу окуутулар жүргүзүлүп турат.
Ошондой эле Нарын облустук ички иштер органдарынын кызматкерлерине 2021-жылдын 1-декабрында мыйзамдуу күчүнө кирген Кыргыз Республикасынын Жазык Кодекси, Кыргыз Республикасынын Жазык процесстик Кодекси, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар Кодекси тууралуу семинар-тренинг өткөрүлдү.
Семинар-тренинг Нарын ОИИБнын жыйындар залында 2021-жылдын 7-декабрь күнү өткөрүлүп, Нарын облусунун шаар, райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн начальниктери, алардын орун басарлары, айылыдк милиция бөлүмчөлөрүнүн начальниктери, тармактык кызматтардын начальниктери (алар жок жерде улук инспекторлор) бардыгы 75 кызматкер катышты.
Семинар-тренингде жеринде 2021-жылдын 1-декабрында мыйзамдуу күчүнө кирген Кыргыз Республикасынын Жазык Кодекси, Кыргыз Республикаынын Жазык процесстик Кодекси, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар Кодекси менен иш алып барган кызматкерлер менен көйгөйлүү маселелер боюнча талкууланып, түшүндүрүү жана окутуу иштери жүргүзүлдү.
Нарын ОИИБнин басма сөз кызматы