Бишкекте айдоочу жөө жүргүнчүнү сүзүп кетип, ал жеринен каза болду

Бишкекте Nissan үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жөө жүргүнчүнү сүзүп кетип, ал каза болду. Бул тууралуу окуянын күбөлөрү кабарлашты.

Маалым болгондой, кырсык 3-декабрдан 4-декабрга караган түнү Ахунбаев көчөсүндө (Тыналиев менен Бакаева көчөлөрүнүн ортосунда) болгон. Жол кырсыктын чоо-жайы азырынча белгисиз.

Окуяга күбө болгондордун айтымында, Ниссандын айдоочусу улгайган адам жана кырсык болгон учурда эс-учун жоготкон. Жарым сааттын ичинде окуя болгон жерге тез жардам жана кайгуул кызматы келген.