Бек Борбиев: “Азыр бийликте турган жигиттерден башка эл үчүн жакшы «вариантты» көрбөй турам”

Буга чейин шайлоо таза өтпөгөнүн айтып, добуш сатып алуу болгонун билдирип чыккан ырчы-талапкер Бек Борбиев шайлоо таза өткөнүн жана азыркы бийлик башында тургандардан башка иштей тургандар жок экенин билдирип пост жазды.

Текст өзгөртүүсүз берилди:

«Эртен кайра шайлоо болсо деле, жыйынтыгы дал ушундай болот Элибиз дагы деле кара курсактын, тууган жердешчиликтин деңгээлинен көтөрүлө элек экен. Жарымынан көбү эртенкиге ишенбейт, кайдыгер, шайлоого сүйрөсөн да басып келбейт Мен шайлоого талапкер болуп катышкан адам катары өз оюмду айтып коюну туура кордум Шайлоо кандай өттү? Эл акыркы мүнөттөргө чейин, баарибир акча бересинер да деген таризде көгөрүп күтүп олтурду.

Мен бералган жокмун. Кээ бир кандидаттар агитатор деген атка жамынып, берип жатат, сен дагы ошенткин дешти, андай кылганга да каражатым жок эле Көнгөн адат калабы демекчи, кээ бир админ ресурс өкүлдөрү тымызын иштеп тиги же бу талапкерлердин камчысын чаап атат дегендерди угуп аттык. Бирок далилдүү шайлоо бүткөн сон гана жыйынтыктан билип отурабыз. Бирок достор, акыйкатта мурдагыдай башаламан акча таратуу, мугалим врачтарды тизме котортуп алдына салып иштеткендер болгон жок.

Бул шайлоону ушул жеңиштери менен эстеп калаарыбызга шек жок. Бир кадам алдыга болсо да, жылдык Мен өзүм ойдогудай добуш албай калдым. Адам өзүнүн салмагын ушинтип кээде билип жүрүш керек. Жигит буга сынып калбай, тескерисинче чыйралыш керек деп түшүнөм. Демек коомго мендей адамдар анча деле зарыл эмес, а кандай адамдар керек экени шайлоонун жыйынтыгы көрсөттү.

Мен шайлоонун эртеси, эки доско акча таркатууну тыйып, админ ресурсту толугу менен тыя албадынар деп пост жаздым эле. Бирок ал жазганымды кээ бир саясий күчтөр өз кызыкчылыгына колдонуп, айгай салып баратканынан алып салдым. Анткени мен төңкөрүш баш аламандыкка каршымын. Азыркы бийлик колунан келишинче таза өткөргөнгө аракетин жасады, көрүп турдук, кудай күбө Мен дагы оппозиционер болуп кетмекмин, эгерде азыр бийликте турган жигиттерден башка эл үчүн жакшы «вариантты» көрүп турсам. Жеке пикиримде андайлар жок. Бирок буларды антара чабабыз деп аткандар кыргызга пайдасынан зыяны көп болгонун баарыбыз билебиз”, – деп билдирди Борбиев.