Жогорку соттун төрайымы жана орун басарлары мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жардам көрсөтүштү

Бүгүн, 3-декабрда Жогорку соттун төрайымы жана орун басарлары мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жардам көрсөтүштү. Бул туралуу ведомствонун басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Жогорку соттун төрайымы Нургүл Бакирова өзүнүн орун басарлары Качыке Эсенканов, Нургүл Асанова жана Айнаш Токбаева менен биргеликте майыптыгы бар адамдардын эл аралык күнүнө карата Биринчи май районуна караштуу Калыс-Ордо конушунун тургуну Г.С.нын 7 жашар кызына жардам беришти.

Төрайым аталган конуштун тургунунун суранычы боюнча кызына керебет жана азык-түлүк жактан жардам берип, кабар алды.

Ошондой эле Жогорку соттун Профсоюз комитетинин көмөктөшүүсү менен Нургүл Бакирова сот тутумунун аппарат кызматкерине дагы жардам берди.

Төрайым жеке өзү кайрымдуулук иштерин көп жасап тураарын, Жогорку соттун жана жергиликтүү соттордун судьялары дагы аймактарда кайрымдуулук иштерин байма-бай өткөрүп тураарын кошумчалады.

Белгилей кетсек, учурда майыптыгы бар адамдардын эл аралык күнүнө карата жергиликтүү соттор кайрымдуулук иштерин жасоодо.