Жалал-Абадда арзандатылган баада 330 тонна көмүр сатылды

Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынан кабарлады.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад шаарында тоннасы 4 миң сомдон болгон көмүр шаар тургундарына жана Сузак районунун жашоочуларына сатылууда.

Эске салсак, шаар мэри Эрнисбек Ормоков арзан көмүр жарандарга жеткиликтүү болуусун жана ортомчулар дүңүнөн сатып алуусунун алдын алуу максатында, ар бир кардарга бир тоннадан ашык көмүр сатпоо тапшырмасын берген.

Белгилей кетсек, арзан баадагы көмүр Жалал-Абад шаарынын Курманбек жана Түмөнбай Байзаков көчөлөрүнүн кесилишинде “Строймаркет” курулуш базарынын короосунда сатылууда.