Өзгөчө кырдаалдар министрлигине сервердик жабдуулар тапшырылды

Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Сервердик жабдууларды БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму тапшырды. Жабдуулар табигый кырсыктардын түрү боюнча маалымат базасын эффективдүү иштетүү жана башкаруу системасын түзүү үчүн колдонулат.

Сервердик жабдуулар менен ӨКМнин Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жана болжолдоо департаменти кооптуу табигый процесстердин учурдагы абалына көз салууга мүмкүнчүлүк алды жана бирдиктүү системанын борбордук маалымат базасы катары колдонулат. Республикалык деңгээлде өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жана болжолдомо алынат.

8e61073c 18b5 44dd b06e Өзгөчө кырдаалдар министрлигине сервердик жабдуулар тапшырылды

«Долбоордун алкагында өзгөчө кырдаалдардын жана табигый кырсыктардын айыл чарба тармагына тийгизген таасири боюнча отчет иштелип чыккан. Отчет биринчи жолу климат, өзгөчө кырдаалдар, зыян жана табигый кырсыктардын айыл чарба, токой чарбасы, балык чарбасы жана суу ресурстарына тийгизген таасири боюнча учурдагы жана мурунку маалыматтарды бир документке чогултат.

Бул жаңы отчеттуулук методологиясы өлкөдө азык-түлүк коопсуздугун жакшыртуу жана Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү үчүн кырсыктардын тобокелдигин азайтуу жана климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо боюнча далилдүү чечимдерди кабыл алууга көмөктөшөт»,-деп берилет маалыматта.