“Шайлоодо укук коргоо органдары жигердүү иштешкен жок”, – Айбек Бузурманкулов

2-декабрда БШКнын мүчөлөрү менен бир мандаттуу округдан шайлоого аттанган талапкерлердин жолугушуусу өтүп жатат. Жыйында мыйзам бузуулар, добуш сатып алуу сыяктуу маселелер тыкыр көзөмөлдөнбөй жатканы жатканы айтылууда.

Талас округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Айбек Бузурманкулов айтымында, Таласта таза шайлоо өткөн жок.

«Шайлоонун шайтан оюндары добуш берүү күнүнө бир күн калганда баштала турганын буга чейин айткам. Ошол күнү бир топ мыйзам бузуулар болду, бирок укук коргоо органдары жигердүү иштешкен жок»,-деди ал.