Министр: Реабилитациялык борбордо пакистандыктар жашайт

Улуттук кардиология жана терапия борборунун жетекчиси Акпай Сарыбаев ээлеген кызматынан бошотулганы тууралуу тасма фейсбук тиркемесинде тарады. Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жамаатка келип, жыйын өткөрүп, эмне себептен Акпай Сарыбаев кызматтан алынып жатканын айтты. ” Улуттук кардиология жана терапия борборунун карамагында реабилитациялык борбор бар экен, ошол борбор максаттуу пайдаланбай, индус-пакистандыктарга берилип алар ошол жерде жашашат экен, тажрыйба өткөрүп жатышат”, – деди министр.

“Диагностикалык борбор функциясын аткарбай жатат, азыр мени айтып жатышат жүз беш кызматкерди кууду деп айыптап жатат” деп министр айткыча залдагы отурган кызматкер буга каршы чыгып министрлик пандемия убагында борборду иштеткен жок деп күнөөлөдү.

Ошол жерден Сарыбаевди кызматтан кетирип, кабинетин бошотсун деген буйрук берди.

Жыйынга келген министр алгач өзүн тааныштырбай сүйлөп баштаганы залда отурган юристтин кыжырын келтирди.

Директордун милдетин убактылуу аткаруу УКМКнын тез жардам, кардиология жана реанимация бөлүмүнүн башчысы Медет Бейшенкуловго жүктөлдү.

Кийин Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жамаатка тааныштырган.

Бирок аталган мекеменин эмгек жамааты толугу менен Акпай Сарыбаевдин кызматтан кетирилишине каршы.

Эскерте кетсек, буга чейин Саламаттыкты сактоо министрлигинде Улуттук кардиология жана терапия борборунун ишинде аудиттин жүрүшүндө бир топ мыйзам бузуулар аныкталганы маалымдалган.

//www.facebook.com/100048544686413/videos/1129421424296866/

https://www.facebook.com/100048544686413/videos/1129421424296866/