Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин 25 жылдык мааракеси салтанат менен белгиленди

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Маданият борборунда окуу жайдын 25 жылдык мааракеси болуп өттү. Иш-чарага Түркия, Венгрия, Азербайжан, Монголия, Пакистан өлкөлөрүнүн Кыргызстандагы элчилери жана КРнын Билим берүү жана илим министринин биринчи орун басары Калыс Шадыханов катышты.

Иш-чара эки өлкөнүн улуттук гимндери менен башталып, атайы чакырылган сыйлуу конокторго куттуктоо сөздөрү берилди.

photo5283253032341059478 Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин 25 жылдык мааракеси салтанат менен белгиленди
photo5283253032341059471 Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин 25 жылдык мааракеси салтанат менен белгиленди

Куттуктоо сөзүн Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доган айтып, “Манас” университетинин бүтүрүүчүлөрү Кыргызстанда гана эле эмес, бүтүндөй Орто Азияга зор салымын кошуп жатканын кошумчалады.

Ал эми, Билим берүү жана илим министринин биринчи орун басары Калыс Шадыханов окуу жайга 25 гана жыл болгонуна карабай, бир топ алдыга озуп кеткенин белгиледи.

Университеттин ректору Алпаслан Жейлан 25 эле эмес, 500 жылды карыткан окуу жайлардан болобуз деп сөзүн баштоо менен 2040-жылдарга карай университеттин билим берүү тармагында кандай пландар коюлуп, аларды ишке ашырууда эмне деген стратагиялар иштелип жаткандыгы тууралуу айтты.

25 жылдык маараке КРнын Эл артисти Курмангазы Азыкбаев баштаган өнөрпоздордун коштоосунда, шаан-шөкөт менен өттү.

photo5283253032341059480 Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин 25 жылдык мааракеси салтанат менен белгиленди