
Нарын облусуна караштуу Кочкор районунда 2-декабрда саат 21:08 чамасында жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 216-чакырымында “КамАЗ” оор жүк ташуучу унаасы жана Toyota Nadiа унаалары кагышкан.
Кырсыктын кесепетинен төрт адам жабыркаган.
Жерине 4 куткаруучу тартылып, жабыркаган адамдарды унаадан чыгарып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.