Ички иштер министрлигинде “16 күндүк зомбулуксуз жашоо” акциясына арналган иш-чара өттү

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинде “16 күндүк зомбулуксуз жашоо” акциясына арналган иш-чара өттү
Бүгүн, 2021-жылдын 3-декабрында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин жыйындар залында ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын демилгеси жана «Оэйсис» кайрымдуулук фондунун коолдоосу менен “16 күндүк зомбулуксуз жашоо” акциясына арналган майрамдык иш-чара болуп өттү.

WhatsApp Image 2021 12 03 at 10.26.14 Ички иштер министрлигинде “16 күндүк зомбулуксуз жашоо” акциясына арналган иш-чара өттү


Иш-чарага ички иштер министринин орун басары милициянын полковниги Октябрь Урмамбетов, ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын начальнигинин милдетин убактылуу аткаруучу, милициянын полковниги Сталбек Рахманов, ИИМдин борбордук аппаратынын өздүк курамы, «Оэйсис» кайрымдуулук фондунун директору М.Осмоналиева, Аламүдүн районундагы Лебединов атындагы №2 мектеп-гимназиясынын директору жана окуучулары катышты.


Иш-чараны ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов ачып, катышуучуларды куттуктап, ккомдун үй-бүлөлүк жана гендердик зомбулукка каршы көз карашын калыптандыруу, жарандардын зомбулуктун бардык түрлөрүнө карата түшүнүгүн жана маалымдуулугун жогорулатуу керектигин белгиледи.

Биздин өлкө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинде биринчилерден болуп “Үй-бүлөлүк зомбулуктан социалдык-укуктук коргоо жөнүндө” мыйзамды кабыл алганын, муну менен үй-бүлөлүк зомбулукту коркунучтуу жана жол берилгис көрүнүш катары тааныганын, аны менен ар бир адам күрөшүшү керектигин баса белгиледи.

WhatsApp Image 2021 12 03 at 10.26.14 2 Ички иштер министрлигинде “16 күндүк зомбулуксуз жашоо” акциясына арналган иш-чара өттү
WhatsApp Image 2021 12 03 at 10.26.13 1 Ички иштер министрлигинде “16 күндүк зомбулуксуз жашоо” акциясына арналган иш-чара өттү
WhatsApp Image 2021 12 03 at 10.26.14 1 Ички иштер министрлигинде “16 күндүк зомбулуксуз жашоо” акциясына арналган иш-чара өттү


Бул иш-чаранын алкагында Аламүдүн районунун Лебединовка атындагы №2 мектеп-гимназиясынын окуучуларынын концерттик программасы болуп, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин мемориалдык комплексине гүлчамбар коюлду.
ИИМдин Басма сөз кызматы