БШКда ызы-чуу болуп жатса, дагы бир көйгөйдүн мага эмне кереги бар эле, – Жапаров

Президент Садыр Жапаров Арыба кж редакциясынын журналисти Асланбек Сартбаевге маек берди.

Ал маегинде шайлоо тууралуу бир топ пикирлерин айтты. Журналисттин чындап эле добуш уурдалганбы деген суроосуна, өлкө башчы шайлоо жакшы өткөндүгүн, бул анын баамы эместигин жана муну эл, эл аралык байкоочулар, дүйнөлүк коомчулук баалап жатканын билдирди.

“Шайлоого байкоочу болуп Европа, ШКУ, КМШ мамлекеттеринен келген сегиз жүзгө жакын байкоочулар байкоо салышты. Алар шайлоонун эртеси өз бааларын беришти. “Шайлоолор эң жогорку деңгээлде өттү” деген байкоочулар да болду.

Ошол эле демократиялуу делген Европа жана Америка өлкөлөрү да баа беришти. Шайлоо калыс өткөнүн, добуштар уурдалбаганын ал эми техника калп айтпасын жакшы билишет. Себеби ошол эле өнүккөн өлкөлөр да ошол техника боюнча бизден элүү жыл алдыга кеткен. Эгер чындап добуш уурдалган болсо, алар бүткүл дүйнөгө айтмак. “Мына Кыргызстанда добуштар уурдалды” , – деп.

Ал эми ” добуштар уурдалды, бюллетендерди түнү менен жасашат” деген саясатчылардын айткандары абсурд. Республика боюнча отуз бир миң шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү бар. Эми элестетиңиз ошолордун баардыгы менен түн катып, бюллетендерди алып чуркап жүрүшкөнүн.

Кимде ким добуш уурдаган болсо, аны Кудай өзү жазаласын. Бирок азыр техниканын заманы добушту уурдай албайсың.

Азыр үч киши менен кыңыр иш кылсаң билинип калчу заман.

Эгер бийлик тараптан басым болсо, анда БШКнын башчысы, адиси, кызматкерлери айтып чыгышсын “бийлик ушундай басым жасады, анан биз уурдадык” деп. Мен токтоосуз отставкага кетип калайын. Ал эми протоколдорду көчүрүп жаткандар ар бир шайлоодо болот. Ката кетирет. Ар бири билимдүү эмес да.

Эң негизгиси, бюллетендердин саны так болуусу шарт. Сервер берген жыйынтык менен кол менен санагандын ортосунда аз эле айырмачылык болот. Кээде добуш бергенде “птичка” квадраттан ашып кеткен болот. Ошондой добуштарды жараксыз деп эсептеп коюшат.

Кол менен санап жатканда ошондой добуштарды комиссия байкоочулар менен бирге андай бюллетендерди жарактуу деп табышса андай добуштар жарактуу деп эсептелинет. Ошондуктан ошол сыяктуу добуштар эсептелинсе, ошол партиянын добушу көбөйөт, азайбайт.

Ал эми серверге кирип, добуштарды уурдайт, жасайт деген сөз түшкө да кирбейт. урна менен сервердин аянтына кире албайсың. Сервер БШКга санап берет, санактаын сандарын гана берип турат БШК өз учурунда сайтына маалымат чыгарат. Ошол БШКнын сайтынан бир санды эки жолу басып ката кетирп коюшкан. Бул маселе боюнча мен баарын чогултуп, такташтырдык. Адистер әэч арам оюбуз жок эле ката кетирип алдык” дешти.

Ошентсе да, УКМК териштирди. Балким атайын оппозиционерлер үчүн сүйлөшүп алып шылтоо кылып берип жатышкан жокпу деген ой менен. Азыр андай нерсе байкалбайт. Шайлоонун жыйынтыгы чыксын. Кийин териштиребиз, күнөөлүүлөрдүн жоопкерчилигин карайбыз, – деди президент.

Ал эми журналисттин чындыгында Өмүрбек Текебаевди бийлик сабаткан жокпу деген суроосуна президент:

БШКда ызы-чуу болуп жатса, дагы бир көйгөйдүн мага эмне кереги бар эле. Андан сырткары бүт дүйнөлүк коомчулук азыр биздин кыймыл-аракетибизге көз салып турат. анан ушундай иш жасап жапайычылыкка барыш үчүн эси жок адам болушуң керек. Кудай сактасын ар бир ишти жети өлчөп, бир кескен адамдарданбыз. андай кадамдарга барбайбыз.

Ага кол салгандар жөнөкөй эле карапайым балдар болуп чыкты.