БМЖКККнын кызматкерлери интеллектуалдык оюн өткөрдү

WhatsApp Image 2021 12 03 at 13.19.45 БМЖКККнын кызматкерлери интеллектуалдык оюн өткөрдү

АИВ/ЖИКС менен күрөшүү күнүнө арналган айлыктын алкагында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын (КММА) инфекциялык оорулар кафедрасы менен биргеликте, ЖККУнун программалык кеңсесинин колдоосу менен уткандарга белек берүү менен интеллектуалдык оюн өткөрүлдү.
Аталган иш-чара, КММАнын башкы корпусунун залында өткөрүлдү. Катышууга КММАнын 5 адамдан турган 8 команда түзүлүп бардык курстардын студенттери катышты.
Интеллектуалдык көңүл ачкан мелдештин мааниси ага алдын-ала даярдыкты талап кылбайт. Көбүнчө офлайн тартибинде өткөрүлүп ой жүгүртүп, достордун же пикирлештердин чөйрөсүндө көңүл ачуу. Ошондой эле, интеллектуалдык көңүл ачкан мелдештин жардамы менен ар бир адам өзүнүн эрудициясын көргөзүп, жарыштын кызыктуу маанайына чөмүлүшү мүмкүн.
Оюн учурунда туура суроолорго жооп берген студенттер үчүн блиц-сурамжылоо өткорүлдү, ЕККУнун Программалык кеңсесинин колдоосу менен КР ИИМ БМЖКККнын тарабынан белектер тапшырылды.
1-орунду ээлеген жеңүүчүлөргө китеп сатып алуу үчүн 5 миң сом суммасындагы сертификат, калган командаларга белектер тапшырылды.
1-декабрь бүткүл дүйнөлүк ЖИКС менен күрөшүү эл аралык күнү.

WhatsApp Image 2021 12 03 at 13.19.47 БМЖКККнын кызматкерлери интеллектуалдык оюн өткөрдү
WhatsApp Image 2021 12 03 at 13.19.47 1 БМЖКККнын кызматкерлери интеллектуалдык оюн өткөрдү
WhatsApp Image 2021 12 03 at 13.19.46 1 1 БМЖКККнын кызматкерлери интеллектуалдык оюн өткөрдү
WhatsApp Image 2021 12 03 at 13.19.48 БМЖКККнын кызматкерлери интеллектуалдык оюн өткөрдү
WhatsApp Image 2021 12 03 at 13.19.47 2 БМЖКККнын кызматкерлери интеллектуалдык оюн өткөрдү

ИИМдин Басма сөз кызматы