Бишкекте мыйзамсыз коюлган күркөлөр алынууда

Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Патриса Лумумба көчөсүндөгү №70 үйдүн жанындагы уруксат кагазы жок коюлган эки күркө алынды, ошондой эле Садыгалиев көчөсүндөгү №90 үйдүн маңдайындагы мыйзамсыз күркө демонтаждалды.

«Элебаев жана Скрябин көчөлөрүнүн кесилишинде мыйзамсыз орнотулган жеңил типтеги объектилер дагы демонтаждалды жана Скрябин көчөсүндө күркө алынды. Берилген эскертүүлөрдүн негизинде Орозбеков жана Саадаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги күркө өз ыктыяры менен алынды. Улан кичирайонунда 4 күркө муниципалдык аймакты бошотту», — деп айтылат билдирүүдө.

Эскаерте кетсек, Бишкек мэриясы жарандардан жер пайдалануу жана курулуш эрежелерин бузбоого чакырат.