“Беттешке чыкканда желек менен чыкпайм”, — Физиев

ABU DHABI, UNITED ARAB EMIRATES - JULY 19: (R-L) Rafael Fiziev of Kazakhstan kicks Marc Diakiese of the Democratic Republic of the Congo in their lightweight bout during the UFC Fight Night event inside Flash Forum on UFC Fight Island on July 19, 2020 in Yas Island, Abu Dhabi, United Arab Emirates. (Photo by Jeff Bottari/Zuffa LLC via Getty Images)

4-декабрда Физиев «UFC on ESPN 31» турниринде Брэд Риддел менен беттешет.

Ал «Ушатайка: Спорт-Экспресс» YouTube каналына берген маегинде октагонго нейтралдуу статуста кире турганын билдирген.

«Мен азыр Гондурастын атынан чыгып жатам, бирок желеги жок эле чыгам. Келгиле бул суроого токтолбой эле коелу. Мени колдогон элимдин өкүлүмүн. Менин жанымда жүргөндөрдүн өкүлүмүн. Мени коштоп жүргөн, мени ММАден көрүүгө кызыккан күйөрмандарымдын өкүлүмүн. Беттешке чыкканда желек менен чыкпайм», — деди Физиев.

Эске сала кетсек, буга чейин UFC мушкери Рафаэль Физиев мындан ары Кыргызстандын желеги астында ойнобой, үй-бүлөсү менен өлкөдөн чыгып кетүүнү чечкенин билдирген. Себеби, ал Иракта, болжолу Али ибн Абу Талиб мечитинде тарткан видеосунан улам элдин нааразычылыгын жараткан. Көп өтпөй Физиев постун өчүрүп, кайрадан кайрылуу жасаган.

Бүгүнкү күндө ал жеңил салмакта 13-орунда турат. Анын эсебинде төрт жеңиш жана бир жеңилүү бар. Казакстандын жараны, бала кезинде ата-энеси менен Бишкекке көчүп келишкен. Кыргызстанда анын спорттук карьерасы башталган.