Жоламан Шаршенбеков менен Эрназар Акматалиев 3 миң доллар алышат

Кыргызстан курама командасынын балбандары Жоламан Шаршенбеков менен Эрназар Акматалиев Бириккен күрөш дүйнөсүнүн (UWW) 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча дүйнөлүк рейтингинде өз салмак категорияларында үчүнчү орунду ээледи.

Аталган уюмдун маалыматына ылайык, 70 килограммга чейинки салмак ченинде эркин күрөшчү Эрназар Акматалиев 40 упай топтоп, үчүнчү орунду ээледи.

Эрназар Акматалиев дүйнөлүк чемпионатта күмүш медалын уткан үчүн 40 упай топтогон. Ал үчун Акматалиев 3000 доллар алат.

Грек-рим күрөшү боюнча балбан Жоламан Шаршенбеков 54 упай топтоп, 60 килограммга чейинки салмак ченинде дагы үчүнчү орунду ээледи. Ал Токио Олимпиадасында 54 упайдан 16 упай топтоп, дүйнөлүк чемпионатта күмүш медалга ээ болгон. Ошентип ал да 3 миң доллар алат.