Жогорку Кеңешинин иш башкармалыгынын базасында президенттин иш башкармасы түзүлөт

Президент Садыр Жапаров «КРнын мамлекеттик бийлик органдарынын ишин материалдык-техникалык жана финансылык камсыздоону өркүндөтүү жөнүндө» жарлыкка кол койду. 

Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жарлык КРнын мамлекеттик бийлик органдарынын ишин материалдык-техникалык жана финансылык камсыздоо системасын оптималдаштыруу жана өркүндөтүү максатында жарыяланды.

Жарлыкка ылайык, президенттин иш башкармасынын жана Жогорку Кеңешинин иш башкармалыгынын базасында президенттин иш башкармасы түзүлөт.

Белгилей кетсек, президенттин иш башкармасы КРнын президентинин, Жогорку Кеңешинин, Министрлер Кабинетинин, Президенттин Администрациясынын жана Жогорку Кеңешинин Аппаратынын ишин материалдык-техникалык жана финансылык камсыздоону жүзөгө ашырылат.